icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту, 2023-жылга 239 Техникалык отчетту (ТР) жана 77 атайын Техникалык шарттарды (СТУ) иштеп чыккан

Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары - ЖТТКжИД) 2023-жылга карата төмөнкүдөй иштерди аткарды:

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту эки жаңы курулуш эрежелерин жаңылады:

1. “ЖЫГАЧ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ”;

2. “АЛЮМИНИЙ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ”

Имараттар менен курулмалардын техникалык абалы жана сейсмикалык туруктуулугу боюнча инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын негизинде 239 Техникалык корутунду (ТК) берилген.

Ошондой эле, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан долбоорлоо үчүн 77 атайын техникалык шарттар (АТШ) иштелип чыкты.