icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш-архитектуралык блокто 2023-жылдын аягына чейин жалпысынан 663 объект ишке киргизилген

Мамлекеттик курулуш агенттигине 2023-жылы социалдык-маданий объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого жалпысынан 10,9 млрд. сом каралган, былтыркы жылга салыштырмалуу 2 эсе көп, алардын ичинен:

- республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 527 социалдык объектиге 5,1 млрд. сом каралып    , анын ичинен:

- 333 курулуш объектисине - 3 млрд 310,3 млн. сом;

- 121 капиталдык оңдоо объектилерине – 837,9 млн. сом.

- «Мамлекеттик казыналык облигациялар» (МКК) аркылуу социалдык объектилерди курууга 5,8 млрд. сом каралган.

Кошумча айта кетсек, Кыргыз Республикасынын урматтуу Президенти Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык республика боюнча 100 мектеп куруу мерчемделген. Азыркы учурда алардын 84 мектеби бүткөрүлдү, калган 16 мектеп пайдаланууга берүү стадиясында турат жана жылдын аягына чейин берилмекчи. Ошого карабастан, биз мектептердин санын 110 го жеткиргенге аракет кылуудабыз.

Мындан тышкары, 2023-жылы 10 бала бакчанын курулушун жана 1 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүүнү пландалган, бүгүнкү күнгө карата 8 бала бакча пайдаланууга тапшырылды, калган 2 бала бакча жыл аягына чейин ишке берилмекчи.

2023-жылдын аягына чейин жалпысынан 165 объект ишке берилет, азыркы күнгө карата 125 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады.

- 120 (97) курулуш объектиси (100 (84) мектеп жана мектептерге болгон спорт зал, 10 (8) бала бакча, 1 саламаттык сактоо объектиси, 7 (3) маданият жана спорт объектиси, 2 (1) башка объект);

- капиталдык оңдоонун 29 (27) объектиси (14 мектеп, 1 бала бакча, 3 саламаттык сактоо объектиси, 2 маданият жана спорт объектиси, 4 турак үй, 5 (4) башка объект);

- Таза суунун 16 (14) объектиси.

 Быйыл Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулду, айта кетсек Лейлек жана Баткен районунун айылдары калыбына келтирилди жана жарактан чыккан 420 үйдү өз мөөнөтүндө, сапаттуу кылып, бардык шарттары менен жаңыдан куруп, жабыркаган жарандарыбызга тапшырылды. Мындан тышкары, 2023-жылы Баткен облусу боюнча 21 объект бүткөрүлүп ишке берилди (9 курулуш, 8 капремонт, 4 таза суу объекттери).

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү тарабынан азыркы учурда курулуп жаткан объекттердин реестрине 3039 объект киргизилген. Анын ичинде: - 2459 - капиталдык курулуш объекттери; 580-чакан объекттер. Жалпысынан, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 663 объект пайдаланууга берилген.

Уруксатсыз курулуш боюнча 224 объект табылган, алардын ичинен: 77 турак жай объектиси (Бишкек ш.- 38; Ош ш.- 17; Ош облусу боюнча- 6; Жалал-Абад облусу боюнча- 7; Чүй облусу боюнча- 8, Нарын облусу боюнча- 1),  ар кандай багыттагы мыйзамсыз курулуштар - 147.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн. 504 миң сом өндүрүлгөн.