icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2023-жылдын башынан бери Мамлекеттик экспертиза департаментине долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө 425 арыз түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментинин Түштүк филиалы өз компетенциясынын чегинде курулуш тармагындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын так жетекчиликке алат.


2023-жылдын башынан бери Мамлекеттик экспертиза департаментине долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө 425 арыз түшкөн. 

Алардын ичинен мамлекеттик экспертизанын жыйынтыгы боюнча 274 долбоор ченемдик-техникалык документтерге ылайык келтирилип, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынган.

 Анын ичинде 183долбоор социалдык объектилер боюнча:

- 58 мектептер боюнча; 

- 29 бала-бакчалар боюнча; 

- 96 медициналык мекемелер боюнча.      

Калган 151 бирдик долбоордук-сметалык документация кайра иштеп чыгууга кайтарылган. 


Мамлекеттик экспертиза департаментинин Түштүк филиалынын дареги: Ош шаары, Ленин көчөсү,  287-үй, 4-кабат.