icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (мындан ары - Департамент) административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, жакшы даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу максатында ачык конкурс өткөрүүдө.

Департаменттин кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат:

- мамлекеттик органдын аталышы:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.

- юридикалык дареги:

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28.

- кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар:

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (башкы инспектор):

- жогорку билим: «Курулуш» профили боюнча, «Өнөр жай жана жарандык курулуш» адистиги.

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциялар:

1. Билими: (Жалпы мыйзамдарды билүүсү)

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

3) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

4) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы».

(Предметтик мыйзамдарды билүүсү)

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

3) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө»;

4) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө»;

5) «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө»;

6) «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;

7) «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

8) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;

9) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;

10) «Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу» техникалык регламенти;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу»;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.28.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу»;

13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу»;

2. Билгичтиги:

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:

- республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү;

- техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө;

- ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу;

- милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү.

3. Жөндөмү:

- натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;

- укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

- объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (жетектөөчү адис-юрист):

- жогорку билим: «Юриспруденция» профили боюнча, «Юриспруденция/укук таануу» адистиги.

- иш тажрыйбасы талап кылынбайт.

Кесиптик компетенциялар:

1. Билими:

(Жалпы мыйзамдарды билүүсү)

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы».

- түзүмдүк бөлүмдүн маселелерин чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү.

3. Жөндөмү:

- натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;

- укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

- объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу  үчүн (улук инспектор, инспектор):

- жогорку билим: «Курулуш» профили боюнча: «Өнөр жай жана жарандык курулуш», «Айыл чарба курулушу», «Гидротехникалык курулуш», «Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын чыгаруу», - жогорку билим: «Курулуш» профили боюнча: «Өнөр жай жана жарандык курулуш», «Айыл чарба курулушу», «Гидротехникалык курулуш», «Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын чыгаруу», «Экспертиза жана мүлктү башкаруу», «Курулуш технологиясы. Тоо шартындагы курулуш», «Курулуш технологияс . Шаар куруу жана чарба», «Имараттар менен курулмаларды куруу, эксплуатациялоо», «Транспорттук курулуш» профили боюнча «Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу жана эксплуатациялоо», «Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу », «Архитектура» профили боюнча «Архитектура», «Архитектуралык чөйрөнүн дизайны» адистиктери.

- иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик компетенциялар:

1. Билими:

(Жалпы мыйзамдарды билүүсү)

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы».

(Предметтик мыйзамдарды билүүсү)

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

3) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө»;

4) «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө»;

5) «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө»;

6) «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;

7) «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;

8) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;

9) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;

10) «Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу» техникалык регламенти;

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу»;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.28.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу»;

13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу»;

2. Билгичтиги:

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:

- республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү;

- техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө;

- ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу;

- милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

- иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

- башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү.

3. Жөндөмү:

- натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;

- укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

- объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу.

конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

• өзүнүн арызы;

• резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

• нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

• нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

• илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

• паспорттун көчүрмөсү.

документтерди кабыл алуу убактысы:

2023-жылдын 8-августунан баштап 2023-жылдын 30-августуна чейин.

документтерди кабыл алуу орду:

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 4-кабат, 410/2 кабинети.

Департаменттин ведомстволук веб-сайтынын жоктугуна байланыштуу Мамкурулуштун (Госстрой) жана МККнын (Госкадровая служба) веб-сайтына жайгаштырылат.

Атк.: Баязова, 0708980555