icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (мындан ары - Департамент) административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды кабыл алуу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызма

Мамлекеттик органдын аталышы:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- жеке арыз;

- сүрөтү менен резюме (уюлдук номерин жана электрондук почтасын  көрсөтүү менен);

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн диплом жана кошумча билимин тастыктаган дипломунун (бар болсо) көчүрмөлөрү;

- нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу убактысы:

2023-жылдын 28-ноябрынан баштап 2023-жылдын 8-декабрына саат                       9:00-18:00 чейин.

Документтерди кабыл алуу орду:

Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28, 4-кабат, 403 кабинети.

Байланыш номери 0559 408 407

Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар


Административдик кызмат орундарыны башкы тобу үчүн:

- жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стаж

Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

4) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

5) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.


Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”; 

4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;

5) “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”;

6).“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;

7) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”.


Административдик кызмат орундарыны улук тобу үчүн:

- жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стаж

Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;

3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси;

2) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

3) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”; 

4).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;

5) “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”;

6).“Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;

7) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”;


Административдик кызмат орундарынын кенже тобу  үчүн: 

- жогорку билим: “Курулуш” профили боюнча: “Өнөр жай жана жарандык курулуш”, “Айыл чарба курулушу”, “Гидротехникалык курулуш” “Архитектура” профили боюнча: “Архитектура” адиси.

- иш стажына талаптар коюлбайт.

Жалпы мыйзамдарды билүүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2020-ж. № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Предметтик мыйзамдарды билүүсү:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

1) “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө”; 

2).“Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”;

3) “Имараттар менен курулмалардын коопсуздугу” техникалык регламенти;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.02.2009-ж. № 95 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосу”;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.08.2021-ж. № 114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобосу”;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20.05.2022-ж. №260 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобосу”;


Төмөнкүлөрдү билүү:

Бардык топторго тиешелүү билгичтиктер:

Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын ченемдерин сактоого мамлекеттик контролду жүргүзүү, атап айтканда:

- республикалык маанидеги объекттердин курулушуна мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү;

-    техникалык жана архитектуралык-курулуш документтери менен иштөө;

-  ченемдик укуктук жана техникалык актылардын талаптарын сактоону камсыз кылуу;

- милдеттерди чечүү үчүн инновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;

-      иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;

-     башкаруучулук чечимдерди тез кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу.


Бардык топторго тиешелүү көндүмдөр:

- натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү, жолугушууларды жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

-   ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

-   бузууларды өз убагында четтетүү боюнча талаптар;

-   укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароо;

-   объекттерди өз алдынча курууну жана эксплуатациялоону токтотуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чараларды көрүү;

-   аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-   маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-   кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларын, керектүү программарды колдоно билүү.