icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Республикалык курулушта сертификациялоо борбору

Байланыш маалыматтары

Республикалык курулушта сертификациялоо борбору

Борбордун максаты:

 курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү

Борбордун милдеттери:

– курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкештигин тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүү;

– курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзүү;

– тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;

– юридикалык жана жеке жактарга маалыматтык жактан колдоо жана кызмат көрсөтүү;

Борбордун функциялары:

1) тармактык саясат функциялары:

– шайкештикти баалоо боюнча, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредитация алуу маселелери боюнча аккредитациялоого ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз ара аракеттенет;

– сыноо жүргүзүү үчүн сертификатталуучу продукцияларды тандап алууну ишке ашырат;

– сертификатталуучу продукцияга сыноо жүргүзүү үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларын пайдаланат;

– шайкештик сертификаттарын берет;

– курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзөт;

– берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт;

2) координациялоо жана контролдоо функциялары:

– сертификаттоо объекттерине инспекциялык контролду ишке ашырат (эгерде мындай контрол тиешелүү сертификаттоо схемасында каралган болсо);

– берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун токтотот же жокко чыгарат;

– Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигин тастыктоонун жыйынтыгын таануу боюнча иштерди жүргүзөт;

– аккредитация алуу маселелери боюнча сыноо лабораторияларын аккредитацияга атайын ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз ара аракеттенет;

– сыноо протоколдорун берет;

3) колдоо функциялары:

– курстардын программаларын жана тестирлөө ыкмаларын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (мындан ары – КРӨМА) бекитүүгө берет;

– инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча иш жүргүзөт;

– адистерди окутууну жана кайрадан даярдоону жүргүзөт;

– тармактын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды КРӨМАга киргизет;

– тармактын (техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин топтомунун ж.б.) регламенттештирүүчү техникалык документтеринин долбоорлорун иштеп чыгат;

– тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтердин (техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин топтомунун ж.б.) фондун түзөт;

– тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтер жөнүндө кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга маалымат берет;

– долбоорлоону, имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын техникалык абалын изилдөөнү, ошондой эле аларга мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат;

– ишканалар, уюмдар, мекемелер менен кызматташат, аларды жана өз алдынча адистерди Борбордун иш чөйрөсүндө эксперттик жана башка иштерди аткарууга жана жүргүзүүгө тартат;

– сертификаттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө арыз берүүчүгө маалымат берүүнү камсыздайт;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.