icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Таза -Cуу Департаменти

Байланыш маалыматтары

Байланыш малыматтар
0312610305
drpv00@mail.ru

Департаменттин ишинин максаты

 

Департаменттин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун борборлоштурулган системасын туруктуу өнүктүрүү жана эксплуатациялоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

 

Департаменттин милдеттери

 

 Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү;

- борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын тейлөөчү, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин потенциалын күчөтүү;

- Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуусун өнүктүрүү;

- эксплуатациялоо жана куруу боюнча мамлекеттик ишкананы түзүү жолу менен борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин куруу, реконструкциялоо, капиталдык ондоо жана эксплуатациялоо;

- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу;

- республикалык бюджеттин жана эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен каржылануучу борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын объекттерин куруу жана реабилитациялоо боюнча иш-чараларды координациялоо.

 

Департаменттин функциялары

 

Жогоруда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) тармактык саясат функциялары:

- ичүүчү менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча аткаруу агенттигинин функцияларын жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү;

- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

- борборлоштурулган ичүүчү суу менен, камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттердин экономикалык жана финансылык абалын жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана иштерди жүргүзүү;

- калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына тиешелүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын техникалык күтүүнү жана эксплуатациялоону жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын тейлөөчү субъекттерди методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана суу түтүктөрү тармагын эксплуатациялоочу уюмдарга борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын башкарууну, калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоонун экономикалык механизмин өркүндөтүү, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын пайдалануу менен байланышкан республикалык жана региондук стратегияларды, программаларды, иш-аракеттердин пландарын жана ишкер долбоорлорду иштеп чыгууга катышуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын туруктуу эксплуатациялык потенциалын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын камсыздоо;

2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:

- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерине мониторинг жүргүзүү;

- борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук жардамдарды, чет элдик инвестицияларды координациялоо;

- калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү программаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, координациялоо жана көмөк көрсөтүү;

3) колдоо функциялары:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу менен байланышкан уюмдардын, ишканалардын кызматкерлерин даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө райондук жана республикалык маанидеги мамлекеттик ишканаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө райондук жана республикалык маанидеги мамлекеттик ишканалардын ичүүчү сууга жана саркынды сууларды чыгарууга акы төлөө, акча каражаттарын чогултуу жана кайтарып берүү маселелери, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын күтүү жана эксплуатациялоо боюнча сметаларды түзүү, ичүүчү суунун сапатын баалоону жүргүзүүгө келишимдерди түзүү боюнча жыйналыштарынын ишине катышуу;

- суу түтүктөрү жана саркынды сууларды чыгаруу курулмаларын жана алардын жабдууларын эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү уюштуруу боюнча алдынкы тажрыйбаны киргизүү;

- министрликтер, административдик ведомстволор, уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен актуалдуу маалымат алмашуу жана жайылтуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларына мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;

- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалымат базасын түзүү.