icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамлекеттик экспертизы

Байланыш маалыматтары

Мамлекеттик экспертиза департаменти

тел/fax: 0(312) 31-26-76 ; 0(312) 31-33-06

e-mail: office@gosexpertiza.gov.kg

Департаменттин максаты

Департаменттин ишинин максаты сапатты жана кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка өзгөртүүгө (турган кыймылсыз мүлк объекттерин көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоо, багытын өзгөртүү жана кайра пландоо) долбоордук-сметалык документтердин ченемдик талаптарга шайкештигин камсыз кылуу, колдонуудагы сметалык-ченемдик базага колдонулган баалардын жана коэффициенттердин шайкештигине карата сметалык документтерди текшерүү.

Департаменттин милдеттери

Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- шаар куруу, архитектура жана курулуш жаатындагы техникалык регламенттердин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо боюнча курулуш объекттерин долбоорлоо жаатында техникалык саясатты ишке ашыруу;

- архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келишине карата долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү;

- куруу пландалган объекттердин долбоорлоо документтеринин сапатын аныктоо.

Департаменттин функциялары

Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

- долбоорлоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

- тийиштүү шаар куруу документтерин иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине шайкеш келишине карата долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге белгиленген тартипте экспертиза жүргүзүү;

- бекемдигин, көтөрүү жөндөмдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун, узакка чыдамдуулугун эске алуу менен долбоордук чечимдерде ченемдик-техникалык жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу;

- курулуш аянтынын жер титирөөгө туруктуулугуна жараша сейсмикалык таасирге эсептелген имараттарды жана курулмаларды, курулуш конструкцияларын жана элементтерин долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган курулуш ченемдеринин сакталышын текшерүү;

- долбоорлордун көлөмдүк-пландоо жана архитектуралык чечимдерин текшерүү, курулуш конструкциялары, буюмдары, материалдары, аларды жасоо, куроо жана монтаждоо, инженердик жабдуулар жаатындагы илимий-техникалык жетишкендиктерди жана жайлуулук, инженердик тармактар жана коммуникациялар менен камсыздалуу даражасын эсепке алуу жана пайдалануу;

- реалдуу-критикалык эксплуатациялык шарттардагы имараттардын жана курулмалардын, ошондой эле имараттардын, курулмалардын, курулуш конструкцияларынын өзгөчө жооптуу бөлүктөрүнүн айрым элементтеринин, анын ичинде узун аралыктагы асма конструкциялардын, чоң узундукка созулган консолдук элементтердин, планда кичине өлчөмдүү бийик курулмалардын инженердик-техникалык эсептөөлөрүн текшерүү.