icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Турак Жай-Жарандык Курулуш Департаменти

Байланыш маалыматтары

Турак Жай-Жарандык Курулуш Департаменти 

тел отдел кадров :0(312) 31-34-61

Электрондук почта : ujgs@mail.ru


Департаменттин максаты

Департаменттин максаты Кыргыз Республикасынын  аймагындагы социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо жана инженердик инфраструктура, ошондой эле турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо капиталдык оңдоп-түзөө болуп саналат. 

Департаменттин милдеттери

9. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай - жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, ошондой эле турак жай объекттерин республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен куруу, реконструкциялоо капиталдык оңдоп-түзөө;

- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча саясатты ишке ашыруу.

Департаменттин функциялары

10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

- курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөө жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

- мамлекеттин каражаттарынын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу объекттерин куруу, реконструкциялоо капиталдык оңдоп-түзөө боюнча “Бирдиктүү заказчы” функциясын аткаруу;

- долбоорлоочу жана подряддык уюмдарды архитектуралык-шааркуруу корутундулар жана инженердик-техникалык шарттар (АШК жана ИТШ), ошондой эле типтүү, жекече жана кайра колдонулуучу долбоорлорду ыңгайлаштыруу үчүн бардык керектүү маалыматтар менен камсыздоо;

- долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана берүү графигин долбоорлоочу уюмдар менен макулдашуу, анын аткарылышына контроль жүргүзүү, газ менен камсыз кылууну, электр жабдууну, жылуулук берүүнү, ысык жана муздак суу менен камсыз кылууну, канализацияны, радио жана телефон каналдарын эксплуатациялоочу уюмдар менен макулдашуу, тийиштүү органдардан курулушка уруксат алуу;

- долбоордук-сметалык документтерге ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык ондоп-түзөөнүн мөөнөтүн жана сапатын техникалык шарттарды жана курулуштагы сейсмикалык нормаларды сактоо менен камсыздоо, долбоордук-сметалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жумушчу чиймелери, иштин көлөмү өзгөртүлгөн учурда тийиштүү органдар менен макулдашуу;

- курулуш-монтаждоо, берүү-жөнгө салуу жана башка түрдөгү иштерди башкарууну уюштуруу жана камсыздоо, курулуш объекттерин эксплуатацияга киргизүүнү даярдоо;

- курулуп бүткөн объектилерди кабыл алуу иштерине катышуу жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга тапшырып (өткөрүп) берүүнү жүзөгө ашыруу;

- капиталдык курулуш объектилерди техникалык кайра жабдуу (комплектештирүү), ошондой эле ушул объектилерди жабдуулар жана курулуш материалдар менен камсыздоо;

- курулуп, реконструкцияланып жана капиталдык оңдоп-түзөлүп бүтпөгөн объектилерди консервациялоо учурунда, подрядчы менен бирге объекттин сакталышын камсыздоочу тийиштүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө конкурстарды (тендерлерди) уюштуруу жана өткөрүү;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындар ары Мамкурулуш) тапшырмасы боюнча объектилерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоп-түзөө менен байланышкан иштерди аткаруу; 

- долбоорлоочу, куруучу уюмдар жана жабдууларды жана курулуш материалдарды тапшыруучулар менен келишимдерди түзүү;

- бюджеттик жана бюджеттен сырткары каржылоо менен белгиленген чекте подряддык иштердин капиталдык салымдар боюнча объектилердин тизмесин даярдоо;

- колдонулуучу капиталдык салымдар боюнча отчеттуулукту жүргүзүү;

- турак жай курулушун өнүктүрүү программасы, турак жай рыногун түзүү, турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы мамилелерди ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;

- Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программасын аткарууну координациялоо;

- курулуш, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндө чет элдик өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыздоо;

- зарыл учурда же макулдашуу менен аныкталган болсо жана каржыланса, долбоорлорду ишке ашыруучу убактылуу түзүмдүк бөлүктөрдү же топторду түзүү жана тиешелүү кызматкерлерди жалдоо;

 - курулуш жана инженердик инфраструктура чөйрөсүндө эл аралык донордук жардамдар, чет элдик инвестициялар маселелерин координациялоо;    

- архитектура жана курулуш органдары, долбоорлоочу жана подряддык уюмдар, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы заказчы-инвесторлор менен бирге аракеттешүү;

- Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.