icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институт

Байланыш маалыматтары

г.Бишкек улица Чокана Валиханова 2
в мессенджерах WhatsApp и Telegram по номеру +996(552)12-08-80
+996 (312)63-13-12
+996 (312)44-92-76
email: kniipss@mail.ru

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтун

Институттун максаты

Институттун ишинин максаттары жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөө жаатында эксперименттик иштерди жүргүзүү, атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу, курулган жана жаңы курулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Институттун милдеттери

Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөөгө туруктуу курулуштун келечектүү багыттары боюнча инженердик-техникалык, технологиялык, окуу жана башка эксперименттик иштерди жүргүзүүдө бирдиктүү техникалык стратегияны камсыздоо, жаңы курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу, курулуш конструкцияларынын жана буюмдарынын айрым түйүндөрүнө, элементтерине, ошондой эле жалпы имараттарга, комплекстерге, инженердик тармактарга жана курулмаларга сыноо жана инженердик иликтөө жүргүзүү;
  • турак жай-жарандык, коомдук жана өнөр жай курулушу, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо (курулуш экологиясы) боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана эксперименттик иштерди аткаруу.


Институттун функциялары

Институт төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

  • жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы теориялык жана эксперименттик иликтөөлөр, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу;
  • жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар жаатында илимдин жана техниканын жетишкендиктерин. курулуштук долбоорлоо аркылуу өнөр жай-жарандык курулушка жайылтуу;
  • жер титирөөгө туруктуу курулуш жана энергиялык натыйжалуулук боюнча заманбап ченемдерге жооп берген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана пайдалануу долбоорлоруна катышуу;
  • жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча, ошондой эле шаар куруу жана архитектуралык иш жаатында ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
  • жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги өнөр жай жана жарандык багыттагы объекттер, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар боюнча, ошондой эле жоопкерчиликтин бардык деңгээлдериндеги имараттарды жана курулмаларды социалдык-соода инфраструктура, турак жай жана өндүрүш багытындагы объекттерге өзгөртүп куруу, кайра пландоо жана реконструкциялоо боюнча долбоордук-конструктордук жумуштарды иштеп чыгуу;
  • Институт тарабынан иштелип чыккан долбоордук документтер боюнча курулуучу курулушка белгиленген тартипте автордук көзөмөл жүргүзүү;
  • курулуш конструкцияларына, материалдарына жана буюмдарына сыноолорду жүргүзүү, ошондой эле сертификаттоо жана стандартташтыруу максатында аларга сыноолорду жүргүзүү;
  • курулуш-монтаждоо иштерин, имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөөнү, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын өндүрүүнү, ошондой эле шаар куруу жана архитектура объекттерин өзгөртүп курууну, кайра пландоону жана реконструкциялоону жүзөгө ашырууга ниети бар лицензиялоо субъекттерине экспертиза жүргүзүү;
  • республиканын курулуштук, инженердик жогорку окуу жайларында ата мекендик жана чет өлкөлүк практикадагы жетишкендиктерди кеңири алмашуу базасында долбоорлоо практикасы, теориялык окутуулар, чыгармачылык талкуулар комплексинде пайдалануу менен окутуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделин өркүндөтүү;
  • жер титирөөгө туруктуу курулуш объекттерин, инженердик тармактарды жана курулмаларды эксперименттик жана типтүү долбоорлоо;
  • жер титирөөгө туруктуулугун, эскирген деңгээлин жана техникалык абалын аныктоо максатында бардык багыттагы жана жоопкерчилик деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды инженердик иликтөө;
  • долбоордук курулуш документтерин, техникалык регламенттердин долбоорлорун, долбоорлоого атайын техникалык шарттарды, стандарттарды жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу;
  • эксперименттик долбоорлорду иштеп чыгуу;
  • имараттарды жана курулмаларды иликтөө боюнча адистерди окуудан өткөрүү.