icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти

Байланыш маалыматтары

Департаменттин максаты

Департаменттин максаты курулуш процессинде аткарылып жаткан иштердин техникалык регламенттин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкеш келишин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.


Департаменттин милдеттери

Департаменттин милдеттери техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана архитектура-курулуш иш чөйрөсүндөгү башка ченемдик документтердин, шаарлардын жана калктуу конуштардын бекитилген башкы пландарынын, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө иштелип чыккан долбоордук документтердин талаптарынын сакталышына жана ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар колдонгон курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүргүзүү жолу менен курулуш объекттеринин талаптагыдай сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.


Департаменттин функциялары

Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

- архитектура-курулуш иш чөйрөсүндө техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, курулуш эрежелеринин жана башка ченемдик документтердин талаптары сакталышына, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоордук документтерге шайкештигине, колдонулуучу курулуш материалдарынын, конструкциялардын жана буюмдардын сапатына мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашырат;

- капиталдык курулуш объекттеринин реестрин жүргүзөт, курулуш этаптарынын жана курулушу бүткөн объекттердин шайкештигине баа берет;

- архитектура-курулуш иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксатсыз курулуш фактыларын табуу боюнча ишти жүргүзөт;

- көзөмөлдөө жана контролдоо аркылуу мамлекеттин жана шаар куруу тармагындагы жарандык-укуктук мамилелердин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргойт;

- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда, ошондой эле мекемелерде жана уюмдарда Мамкурулуштун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча анын атынан чыгат;

- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;

- архитектура-курулуш контролдоо маселелери боюнча региондук башкармалыктардан отчетторду алат, аларды жалпылайт жана талдайт;

- Департаменттин региондук башкармалыктарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Мамкурулуштун жетекчилигине киргизет;

- адистерди эксперттер катары курулуштун жана курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды өндүрүүнүн сапатын баалоо үчүн тартат;

- аналитикалык материалдарды жана башка документтерди даярдайт;

- Мамкурулуштун жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка да функцияларды аткарат.