icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Шаар куруу, архитектура жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгы

Байланыш маалыматтары

Главный специалист Алымкулов Болоткан Борончиевич
0 (312) 61 39 47

негизги максаттары:
— архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана бул чөйрөдөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат:
— курулуш иши чөйрөсүндө уруксат берүү системасын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
тобокелдик фактору жогору болгон объектилерди курууга уруксат берүү үчүн материалдарды даярдайт («Уникалдуу жана техникалык жактан татаал объектилер» I категория);
— шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдардын ишин көзөмөлдөйт жана координациялайт;
— мамлекеттик экспертиза башкармасынын, турак-жай-жарандык курулуш башкармасынын, мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун иштерин координациялайт; жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту; Республикалык курулушта сертификациялоо борбору;

— шаар куруу-техникалык кеңештерге материалдарды даярдайт, алардын ишин уюштурат;
архитектура жана курулуш маселелери боюнча коллегияга материалдарды даярдайт;
— Агенттиктин системасында «Бирдиктүү терезе» принцибинин иштешине мониторинг жүргүзөт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— Агенттиктин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүндө көзөмөлдөнүүчү органдардын сунуштарын колдойт;
— архитектура жана курулуш маселелери боюнча агенттиктин чечимдеринин долбоорлорун даярдайт;
архитектура жана курулуш маселелери боюнча мамлекеттик буйруктардын долбоорлорун даярдайт;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин отурумдарына материалдарды даярдайт;
— курулуш тармагындагы программалык документтерди иштеп чыгат;
— шаар куруу кадастрын жүргүзүү боюнча нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат;

Шаар куруу кадастрынын маалыматтык системасынын операторлорунун ишин жумушчу тартипте конролдойт
— кыймылсыз мүлктү куруунун долбоордук документтерине мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү боюнча уюмдарды аттестациялоо боюнча комиссиянын ишин уюштурат;
— Тарыхый-маданий комплекстердин жана башка атайын  зоналардын аймагында курулушту жөнгө салуу маселеси боюнча Агенттиктин аймактык органдарынын ишин координациялайт;

шаар куруу иши чөйрөсүндө өзүн өзү жөнгө салуучу уюмдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— калктуу конуштарды өнүктүрүү үчүн жерди натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
шаар куруу жаатында кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссияларга материалдарды даярдайт;
— Агенттиктин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышын контролдойт;
— «Курулуштагы коопсуздук» чөйрөсүндө илимий-изилдөө, долбоорлоо жана технологиялык иштерди координациялайт;
— бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу объектилерди курууда эмгек нормаларын методикалык камсыздоону камсыз кылат;
— өндүрүштүк базаларды, технологияларды, чыгарылып жаткан материалдардын жана курулуш продукциясынын сапатын камсыз кылуу системаларын модернизациялоого мониторинг жүргүзөт;
— курулуш тармагына заманбап технологияларды жана материалдарды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
— жеке турак-жай курулушунун маселелерин карайт, курулуп жаткан жана пайдаланууга берилген жеке-турак жай имараттарынын маалымат базасын түзөт;