icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Инвестициялар жана тышкы байланыштар бөлүмү

Байланыш маалыматтары

Бөлүм башчысы: Жолдошбеков Эралы Жолдошбекович

gosstroyinvestition@gmail.com

Тел: (312) 31 34 16

Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:

− курулуш индустриясынын долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар потенциалдуу инвесторлорду тартуу;

− инвестициялык сунуштарды, анын ичинде бизнес-пландарды жана презентацияларды даярдоо;

− учурдагы тенденцияларды баалоо үчүн рынокту изилдөө, ошондой эле долбоорлорду алардын инвестициялык жагымдуулугу боюнча талдоо.

− инвесторлор, өнөктөштөр жана башка кызыкдар тараптар менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү

− потенциалдуу инвесторлор менен инвестициялык форумдарды, семинарларды жана жолугушууларды өткөрүү

- Мамкурулуштун түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, ошондой эле потенциалдуу инвесторлорго инвестициялык операцияларды колдоо боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү;

− тартылган инвестициялардын ийгиликтүү көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү, натыйжаларды талдоо жана отчеттуулук.

− инвестициялык долбоорлорду колдоо жана стимул алуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.

− чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана эл аралык демилгелерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө.

- тиешелүү реестрди түзүү менен Мамкурулуш системасынын кызматкерлери үчүн чет өлкөгө командировкага талапкерлерди киргизүү жана макулдашуу;

- Башкармалыктын компетенциясынын чегинде курулуш, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу жана архитектура-шаар куруу ишинде жана турак жай-коммуналдык чарбанын ишинде мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- эл аралык мүнөздөгү иш-чараларда Мамлекеттик курулуш комитетинин өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырат, өкмөттөр аралык комиссиянын ишине жана башка эл аралык расмий иш-чаралардын ишине катышат;

− чет мамлекеттердин тажрыйбасына таянуу менен Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу чөйрөсүн өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;

- каралган каражаттардын жана көзөмөлдөнгөн тармактын чегинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштурат;

- Башкармалыктын компетенциясынын чегинде архитектуралык-шаар куруу иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө кызыкдар тараптарды маалымат менен камсыз кылуу;

- жарандарды кабыл алууну жүргүзүү, оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларды өз убагында жана толук кароо, алар боюнча чечимдерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө арыз ээлерине жоопторду жөнөтүү.