Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлдү.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 141 млн сомду түзөт.Курулган жаңы мектеп 3 блоктон турат эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лаб